Баткенде дээрлик 600 ишкер жеңилдетилген насыя алды

Баткен облусун өнүктүрүү жана калкка мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Министрлер кабинетинин буйругу менен “Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо” долбоору бекитилген.

Долбоордун алкагында 2022-жылдын ичинде коммерциялык банктардын финансылык каражаттары Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан калктуу конуштарында иш алып барган жеке адамдарга, кичи жана орто бизнеске берилгени көрсөтүлгөн.

2023-жылдын 1-январына карата бул долбоордун алкагында Баткен облусунун 587 чарбакер субъектилери 484,63 млн сомго каржыланды.