УКМК: УКТга тиешеси бар жергиликтүү кеңештин депутаты Жалал-Абад облусунда кармалды

Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

   Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 8-февралында, КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан АИС КБР каттоосуна алынган материалдын алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-берененин  1-бөлүмүндө каралган кылмыштын негизинде (Опузалап пара талап кылуу), жергиликтүү кеңештин депутаты,  Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылынын тургуну «Ж.Ж.С.» кармалды. Белгилей кетсек, «Ж.Ж.С.» физикалык күч колдонуу коркутуу жолу менен жергиликтүү тургундардан системалуу түрдө акча жана башка материалдык баалуулуктарды талап кылып келген. 
      "Кармалган жаран рейдерлик жол менен райондун аймагындагы айыл чарба жана балык чарбачылыгына убада кылган жер тилкелерин өзүнүн ишенимдүү адамдарына кайра мажбурлап каттатып, кийин ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү жолу менен басып алганы аныкталган.
       Мурда «Ж.Ж.С.» ар кандай кылмыштар боюнча бир нече жолу кылмыш жообуна тартылып, 2021-жылдан бери ар кандай кылмыштуу топтордун мүчөсү катары ИИМдин маалымат борборунун АБД-ТОР каттоосунда турган" , - деп айтылат билдирүүдө.
       Азыркы учурда башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар жана тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Буга байланыштуу, кармалган «Ж.Ж.С.» аттуу жарандын кылмыштуу аракеттеринен жабыр тартышы мүмкүн болгон адамдар 03722 56049, 03722 54961 номурларына кайрылууңуздарды суранабыз.