Президент Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон расмий сапарынын алкагында 13-февралда Будапешт шаарында кыргыз-венгер биргелешкен өз-ара аракеттенүүсүн чыңдоого багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.
![1628922.8b3d1d2ce02a6debe702ef8e5e6a1599 Cадыр Жапаров Венгрияда кандай документтерге кол койду? Тизме](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/02/1628922.8b3d1d2ce02a6debe702ef8e5e6a1599.jpg)
Өлкө президенттери Садыр Жапаров менен Каталин Новак Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана өнүктүрүү жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшту.
Ошондой эле тараптар төмөнкү документтерге кол коюшту:
— Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Венгриянын Юстиция министрлигинин ортосундагы укуктук чөйрөдө кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
— Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Венгриянын Юстиция министрлигинин ортосундагы соттук-эксперттик ишмердүүлүк жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
— Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Венгриянын Улуттук архивинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик менен Венгриянын Маалыматтарды коргоо жана маалымат эркиндиги боюнча улуттук органынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
— Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы жана Венгриянын Мамлекеттик кызмат университети ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум
— Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин К Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы жана Этвош Лоран атындагы Будапешт университети ортосундагы келишим.