
Президенттик администрация “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу топко долбоордун үчүнчү вариантын сунуштай турганы белгилүү болду.

Жумушчу топ 30-январда кезектеги жыйынга чогулган. Медиа коомчулук менен жумушчу топтун мүчөлөрү долбоордун экинчи варианты менен таанышып чыгып, 10-февралга чейин сунуштарды бермек.