Түркия элчилиги: Кайрымдуу кыргыз элинен келген алты тонна жардам даректерге жеткирилет

Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы билдирет.

Өлкөбүздө болуп өткөн жана эбегейсиз чоң аймакка зыян алып келген жер титирөөдөн жапа чеккен муктаждыгы бар адамдарга көрсөтүлгөн жардамдын алкагында, кайрымдуу кыргыз элинен келген жардамдын алты тоннага жакыны муктаждарга жеткирүүсү үчүн “Түрк аба жолдору” жана “Пегасус” авиакомпанияларына тапшырылып берилди, – деп айтылат маалыматта.

Жиберилген жардамдын көбүн тышкы кийимдер, жууркан, жаздык, уктоочу баштык, балдар жалаягы, гигиеникалык каражаттар жана азык-түлүк түзөт.

Буга кошумча, ИИМ 3 тоннага жакын гуманитардык жардам жиберилгени маалым болду. Анын ичинде жууркан, уктоочу каптар, кичинекей килемчелер, чатырлар жана жылыткычтар бар.

Эске салсак, Түркия менен Сирия чектешкен аймакта 6-февралда таңга жуук күчү 7,8 баллга жеткен зилзала болгон. Түш оой аймакта күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө кайталанган.

Түркияда 6 миңден ашуун имарат кыйрады. Түркиянын президенти Режеп Эрдоган бул 1939-жылы Эрзинжанда болгон жер титирөөдөн берки эң ири каргаша болуп калганын айтты. Түркияда 12-февралга чейин аза күтүү жарыяланды. Жер титирөө болгон өлкөнүн он аймагында үч айга өзгөчө абал жарыяланды. Бийлик апааттын кесепетин жоюу үчүн 100 млрд лира же 5,3 млрд доллар бөлдү.

Издөө-куткаруу операцияларына 110 миң киши катышууда. Түркияга башка өлкөлөрдөн 5 миңден ашуун куткаруучу келди.

WhatsApp Image 2023 02 10 at 20.10.28 Түркия элчилиги: Кайрымдуу кыргыз элинен келген алты тонна жардам даректерге жеткирилет