УКМК: Кара-Буурада баңгизатты ташып, кармалгандар 12 жана 13 жылга эркинен ажыратылышты

    Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Кара-Буура райондук сотунун 2023-жылдын 30-январындагы өкүмү менен аталган райондун 4 тургуну, 12 жана 13 жылга эркинен ажыратылды, алар мурда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу жалпы салмагы 11 килограммга жакын 3 кап баңги затын мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган учурда КР УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан кармалган.
    "Кара-Буура районунун тургундары А.М.А., К.К.М., О.А.Ы. жана Ж.Э.Р. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгүндө (Сатуу максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун мыйзамсыз даярдоо) боюнча каралган кылмышты жасагандыгы үчүн айыпталып, 2022-жылдын 3-февралында Казакстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын «Аманбаев» тилкесинде баңги затын мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган учурда кармалган", - деп айтылат маалыматта. 
    Тергөөнүн жана соттук териштирүүлөрдө бул кылмыш иши боюнча соттолуучулардын күнөөсү толук далилденип, аларга карата айыптоо өкүмү чыгарылган.
    Атап айтканда, А.М.А. 12 жылга эркинен ажыратылып, 1 миллион сом айып салынган. Мурда А.М.А. КР УКМК кызматкерлерине пара катары сунушталган 2 млн 745 миң сом акча каражаты жана 2 миң АКШ доллары мамлекеттик бюджетке алынган.
    Айыпталуучулар К.К.М., О.А.Ы. жана Ж.Э.Р. мүлктөрүн конфискациялоо менен 13 жылга эркинен ажыратылды.
9ebaa526 6aa0 4239 ae0a fb400c166c30 УКМК: Кара-Буурада баңгизатты ташып, кармалгандар 12 жана 13 жылга эркинен ажыратылышты
WhatsApp Image 2023 02 08 at 15.35.56 2 УКМК: Кара-Буурада баңгизатты ташып, кармалгандар 12 жана 13 жылга эркинен ажыратылышты
WhatsApp Image 2023 02 08 at 15.35.56 1 УКМК: Кара-Буурада баңгизатты ташып, кармалгандар 12 жана 13 жылга эркинен ажыратылышты