Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу – Кыргызстандын өнүгүүсүнүн негизи

Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын бүтүрүүчүлөрүнүн ассоциациясы 7-февраль күнү «Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу – Кыргызстандын өнүгүүсүнүн негизи» аталышындагы тегерек стол өткөрүп, бир катар саясатчылар, жогорку окуу жайларынын жана министрликтердин өкүлдөрү менен бирге талкуу жүргүзүштү.

Мамлекеттик башкаруу академиясын аяктап азыркы учурда бүтүрүүчүлөр ассоциациясына төрагалык кылуу менен бирге ал окуу жайда студенттерге билим берип жаткан Тилек Уркунчиевдин айтымында алар билим берүү тармагында бир катар долбоорлорду ишке ашырып, мамлекеттик башкаруудагы адистерди даярдап келишет.

Тилек Уркунчиев – Билим берүү мамлекет үчүн эң маанилүү тармак

1067681499 652 0 2699 2047 1920x0 80 0 0 cfc16b3e3d6de6975424c1b89af0e12d Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу – Кыргызстандын өнүгүүсүнүн негизи

«Билим берүү тармагы мамлекет үчүн эң маанилүү тармак болуп эсептелет. Биз ошол багытка маани берип, билим берүүдөгү долбоорлорубузду ишке ашырып келүүдөбүз. Андан тышкаркы негизги маселе – мамлекеттик башкаруудагы адистерди даярдоо, алардын билимин тереңдетүү, кайра окутуу жана укуктарынын корголушун көзөмөлдөө.

Академиянын бүтүрүүчүлөрүнүн ассоциациясы түзүлгөнүнө эки жыл болуп калды. Арабызда мамлекеттик кызматтарда иштеген жогорку даражалуу адистер да бар. Буга чейин да мамлекеттик, муниципалдык кызматтагы балдарды окутуу боюнча жыйындарды өткөрүп, мыкты адистерди чакыруу менен пайдалуу лекцияларды өтүп жаттык. Ошондой эле консультациялык борбор түзүп, мамлекеттик башкарууга багытталган маселелерди карай баштадык.

Жыйыныбызга мамлекеттик органдардан өкүлдөрдү, мамлекеттик ишмерлерди талкуу кылалы деп чакырдык. Бүгүнкү иш-чарабызда Аалы Карашев агабыздын да ролу абдан чоң. Себеби ал киши да келип, бизди колдоо менен талкууда өз ойлорун айтканы пайдалуу болду».

Аалы Карашев – Ар бир үч жылда мамлекеттик кызматкерлердин квалификациясын жогорулатып туруу керек

aaly karashev Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу – Кыргызстандын өнүгүүсүнүн негизи

«Бүгүнкү базар экономикасынын шартында биз балдарыбызды керектүү кесиптерге окутуп жатабызбы же диплом керек деп эле окутуп жатабызбы ошону түшүнүү зарыл. Мындан 10-15 жыл мурун бардыгыбыз юрист, экономист болобуз деп, жаңы окуу жайларды ачканыбыз менен азыркы күндө ал кесиптин ээлери дипломуна жараша жумуш таппай жүрүшөт.

Андан кийин медицина тармагында тиш доктурлар жакшы табат экен деп ал тармакта окугандардын көбү азыр жумуш таба албай убара. Ал эми бүгүнкү күндө IT адистер, веб-программалоочулардын иши жакшы жүрөт деп жаштардын көбү ошол тармакка агылып жатат. Бүгүн аларга талап жогору болуп жатканы менен, мындан беш жылдан кийин иш таап бере алабызбы деген суроо жаралат.

Бүгүнкү күндө ушул маселелерди ар тараптуу талкуулай турган аянтча же коммуникативдик бийик деңгээлдеги кеңеш түзүлүп, анда мамлекеттик органдардын, жогорку жана орто окуу жайларынын, коомчулуктун жана бизнес ассоциацияларынын өкүлдөрү болсо дейм. Ал талкуулардын жардамы менен алдын ала изилденген стратегия түзүлүп, керектүү кесиптер тууралуу максаттуу маалымат жана багыт берсек жакшы болмок.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди даярдоо боюнча талкуу да жүрдү. Анткени мамлекеттик кызматкер канчалык компетенттүү жана билимдүү болсо, мамлекеттик деңгээлдеги маселелерди чечүүдө ошончолук эффективдүү иш алып бара алат.

2013-2017-жылдары мындай адистерди даярдоо жана кайра даярдоо боюнча атайын программа иштеп, квалификациясы да көтөрүлүп келген. Андан бери алты жыл убакыт өткөнү менен жаңы программа түзүлө элек. Мындан 10 жыл мурда мамлекеттик деңгээлде «мамлекеттик заказ» деген түшүнүк болуп, бюджеттен акча бөлүнүп системалуу түрдө даярдоо курстары жүрүп келген. Андан сырткары ар бир үч жылда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер өзүнүн квалификациясын көтөрүп турушу керек деген талап мыйзам чегинде коюлуп келген. Анткени үч жылдын ичинде мыйзамдар, жоболор өзгөрүп турат эмеспи. Тилекке каршы кызматкерлер квалификациясын жогорулатуусу да чанда эле болуп калды».

YouTube video