Жылкы уурдаган жаран кармалды

Бул тууралуу Ысык-Көл РИИБи билдирди.

“Үстүбүздөгү жылдын 24-январь күнү Ысык-Көл РИИБне арыз менен Кара-Ой айылынын 1996 ж.т. Д.А. тургуну кайрылган. Арызында, 23-январынан 24-январга караган түнү, Кара-Ой айылынын түндүк тарабында жайгашкан кашардын жанындагы корулган айдоо жеринен өзүнө тиешелүү болгон жашы 5-жаштагы  тору – мингич айгырын белгисиз адамдар уурдап кеткендиги жөнүндө  билдирген”, – деп айтылат маалыматта.

Келтирилген материалдык чыгым 90 000 сомду түзгөн.

Аталган факт Ысык-Көл РИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 205 (Уурулук) – беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

 Ысык-Көл районунун аймагында “Арсенал” ыкчам операциясынын алкагында, райондук милициянын кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүү учурунда, аталган кылмышка шектүү Бишкек шаарынан кармалып, Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматына толук кандуу тергөө амалдарын жүргүзүү жана юридикалык баа берүү үчүн өткөрүлүп берилген. Ал,  мурда бир нече жолу соттолгон Тоң районуна каршатуу Төрт-Күл айылынын 1985 ж.т. тургуну К. М. болуп чыккан.  

Жүрүгүзүлгөн алгачкы сурак учурунда, шектүү уурдалган жылкыны уурдап, ошол эле Ысык-Көл районуна караштуу Чырпыкты айылынын тургунуна өзүмдүн малым деп, алдап 30 000 сомго сатып жибергени жөнүндө билдирип, күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. 

Шектүүнүн көрсөтмөсүнүн негизинде, ага карата  КЖКнын 209 (Алдамчылык) беренесинин негизинде  экинчи кошумча кылмыш иши козголгон. 

Ысык-Көл райондук сотунун чечимиминин негизинде, шектүүгө карата 2 ай камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынган.

Учурда, Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы, шектүү жарандын башка мал уурулук учурларына тиешеси бар, же жогун текшерүүдө.