Абактагы Жеңиш Молдокматов экспертизанын жыйынтыгы боюнча үн катты

Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалган саясатчы Жеңиш Молдокматов 3-февралда аудио жазуулардын соттук-лингвистикалык экспертизасынын жыйынтыгы менен таанышканын, анда массалык башаламандык уюштуруунун белгилери камтылбаганын билдирди. Бул тууралуу маалымат Молдокматовдун Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

“Экспертизага берилген материалдарда бийликти күч менен басып алуу же күч менен кармап туруу, ошого тете Кыргыз Республикасынын Конституциялык түзүлүшүн күч колдонуп өзгөртүүгө, жана жарандарды расалык, этникалык, улуттук, диний белгилерине жараша өзгөчөлүгүн, артыкчылыгын белгилеген, басынтууну пропагандалуучу сөздөр, айтымдар, сүйлөмдөр камтылган эмес. Бизге коюлган кине боюнча кылмыштын курамы болгон эмес жана жок”, — деп жазган Молдокматов.