14 жаштагы кыздын өлүмү: “Экспертизанын жыйынтыгы чыга элек”

Баткен облустук милициясы быйыл сентябрь айынын башында Кадамжай районунда киши колдуу болгон 14 жаштагы кыздын өлүмү боюнча иштин жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Облустук милициядан  билдиришкендей, учурда соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек.

«Азырынча экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Тергөө амалдары жүрүп жатат. Экспертиза чыккандан кийин кошумча маалымат берилет», — деп билдиришти милициядан.

Эскерте кетсек, 4-сентябрь күнү 14 жаштагы кыздын сөөгү Кадамжайда сел өтүүчү тоннелдин ичинен колу артка жип менен байланып, муунтулган абалда табылган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп,  кыздын өлүмүнө шектүү делип Халмион айыл аймагынын 3 тургуну кармалган. Андан кийин бул ишке шектүү катары төртүнчү шектүү колго түшүрүлгөн.