Базаровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 7-февралда өтөт

Кыргызстандын эл артисти, белгилүү режиссер Геннадий Базаровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 7-февралда өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Тажия саат 10:00до А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт.

Маркумдун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.

Эскерте кетсек, 6-февралга караган түнү Геннадий Базаров 81 жаш курагында дүйнө салды. Ал 1942-жылы 14-майда Нарын облусунун Ат-Башы районунда төрөлгөн. Геннадий Базаров «Саманчынын жолу», «Буктурма», «Көчө» жана башка көркөм жана даректүү тасмалардын режиссеру болуп саналат.

Былтыр ал II даражадагы мамлекеттик «Манас» ордени менен сыйланган.