Экс-депутаттар “ажыраш аякка” чогулуп, артисттерди чакырышты

Алтынчы чакырылыштын депутаттарын узатуу кечеси «Ала-Арча-1» резиденциясында уюштурулду.

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаевдин айтымында, президент Садыр Жапаров узатуу кечесине катышкан жок.

Аталган резиденцияда жеке жактар да иш чараларды уюштурса болот.

Узатуу кечесин депутаттар менен артисттер интернетке киргизип, байма-бай сүрөт жүктөп жатышат. Бул кечеге улуттук Филармониянын, Опера жана балет театрынын артисттери чакырылган.

243476 Экс-депутаттар "ажыраш аякка" чогулуп, артисттерди чакырышты