Ак-Муз айылынын тургуну “Хизбут-Тахрир” уюмунан баш тартты

УКМКнын маалыматы боюнча Ат-Башы районунун Ак-Муз айылынын тургуну “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун экстремисттик идеологиясынан баш тарткан.

    Маалыматка караганда, диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө, Ак-Муз айылынын жергиликтүү жашоочусу Ч.М.К.  Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган “Хизбут-Тахрир” Диний экстремисттик уюмдун ишмөөрдүлүгүнө катыштыгы бар экендиги аныкталган. Ал жогоруда аталган кыймылдын идеяларын активдүү пропагандалап жүргөн. 
    2023-жылдын 23-январында көрүлгөн ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында КР УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгы, Ат-Башы РИИБ менен биргеликте Ч.М.К. карата түшүндүрүү жана алдын алуу чаралары көрүлүп, анда ал өзүнүн көз карашынын туура эместигин ачык моюнга алып, аталган экстремисттик кыймылдын ишмердүүлүгүнө мындан ары катышуудан баш тартканын билдирди.
    Кыргыз Республикасынын УКМК экстремисттик көз караштарга жана “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун мүчөлүгүнөн ишенип кирип кеткен адамдарды алдын алууга багытталган иш-чараларды улантууда.