Геннадий Базаровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө

Бүгүн, 7-февралда кинорежиссер Геннадий Базаров менен коштошуу зыйнаты А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтүп жатат.

Маркумдун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.

Белгилей кетсек, Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, автордук кыргыз киносунун негиздөөчүлөрүнүн бири, режиссёр жана сценарист Геннадий Базаров 6-февралда 81 жаш курагында дүйнө салды.