“100 миң сом”: Instagramда комментарийи үчүн сот 25 жаштагы жаранга айып салды

 Instagram социалдык тармагында аймактар ​​аралык кастыкты козутуунун белгилери табылган комментарийи үчүн 100 миң сом айыпка сот 25 жаштагы жаранды жыкты.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Бишкек шаарында жашаган 1998-жылы туулган Акылбек (аты өзгөртүлдү) «2020-жылдын апрель айында Instagram социалдык тармагында Kloop басылмасынын маалыматынын алдынf кемсинткен сөздөр жазылган комментарий калтырган.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек, Ош жана башка бир катар конуштарда өзгөчө кырдаал режимин 2020-жылдын 10-майына чейин узартканы кабардын өзү эле.

2022-жылдын 19-январында Биринчи Май райондук соту Акылбекти «Расалык, этностук, улуттук, диний жана аймактар ​​аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 1000 эсептик көрсөткүчтө (100 000 сом) айып салган.

2022-жылдын 30-июнунда Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы өкүмдү күчүндө калтырган.

Айыпталуучунун жактоочусу Жогорку Сотко кассациялык арыз менен кайрылган. Ал кабыл алынган сот чечимдерин негизсиз деп атап, аларды жокко чыгарууну, ошондой эле ишке тиешеси бар адамга карата актоо өкүмүн чыгарууну өтүндү. 2022-жылдын 28-ноябрында Жогорку сот өкүмдү күчүндө калтырган.