Айпери Медет кызы Zagreb Open мелдешинде күмүш тагынды

Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы (76 кг) Хорватиянын борборунда өтүп жаткан Zagreb Open рейтингдик мелдешинде күмүш байгеге татыды.

Алтын үчүн кармашта ал америкалык Елена Макойед менен күч сынашты. Беттештин биринчи бөлүгүндө америкалык спортчу Макойед Айпери Медет кызынын далысын жерге басып, жеңүүчү болду.