Депутат: «Асан мырза, сиз тойго келдиңизби?»

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңиш Токторбаев президент менен Министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлчүлүгүнүн экспертине сын айтты. Буга эксперт Асан Гайыпов «Ата Журт – Кыргызстан» фракциясынын 3-февралдагы жыйынында жемпирчен отурганы себеп болду.

«Асан мырза, сиз тойго келдиңизби?», – деп сурады депутат. Анын бул суроосун А.Гайыпов толук түшүнгөн жок. Суроосун кайталаган депутат: «Жемперчен отурасыз. Тойго келдиңиз беле? Костюмуңуз жокпу?», – деди.

Ал эми Гайыпов костюму бар экенин, жөн гана чечип койгонун айтты.

«Сиз үлгү болушуңуз керек да. Костюм, галстук менен келгиле», – деди Ж.Токторбаев.