Майыптыгы бар жаран Ош аэропортун сотко берди

Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну, 1-топтогу майыптыгы бар Баястан Абдыкадыров «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун Ош филиалын сотко берип, 200 миң сом кенемте төлөп берүүнү талап кылууда. Бул тууралуу анын жактоочусу Максатбек Жокорулов билдирди.

Маалым болгондой, Баястан Абдыкадыровдун доо арызы 31-январда Ош шаардык сотунда каралат. Ал майып араба менен жүрөт. Ден соолугуна байланыштуу Бишкек шаарындагы медициналык мекемелерде дарылануу үчүн Ош шаарынан аба каттамдарын пайдаланат.

Мен Ош — Бишкек багыты боюнча учуу үчүн каттоодон өткөндөн кийин майыптыгы бар адамдар үчүн ыңгайлашпаган дааратканага кирдим. Жыйынтыгында мен өзүмө ыңгайлуу абалда дааратканага бара алган жокмун. Контролдон өткөндөн кийин күтүү залына жөнөдүм. Мүмкүнчүлүгү чектелген жүргүнчүлөр үчүн атайын көтөргүч (амбулифт) жок болгондуктан, мени аэропорттун эки кызматкери коляска менен тепкичтен учакка көтөрүп чыгышты. Бул жагдай мен үчүн алсыздыктын атмосферасын түзүп, адамдык ар-намысымды басынтты”, — деп жазган жабырлануучу өз арызында.

Доо арыз Баястандын Конституцияда көрсөтүлгөн укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында берилген. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн тийиштүү инфраструктуранын жана атайын көтөрүүчү түзүлүштүн (амбулифттин) жоктугу майыптыгы бар адамдарды басмырлоо болуп саналат. Мындай инфраструктуранын жоктугун каражаттын жетишсиздиги менен түшүндүрүүгө болбойт жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга карата жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу үчүн кемсинтүүчү шарттар катары каралууга тийиш. Баястан Абдыкадыров соттон «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун Оштогу филиалын сот тарабынан белгиленген мөөнөттө, алты айдан ашпаган убакытта тиешелүү иштерди тактап айтканда жүргүнчүлөрдү ташуу, отургузуу жана андан түшүрүү үчүн амбулифт орнотууну милдеттендирүүнү өтүнөт.