Таласта жол кырсыгынан үч киши көз жумду

Таласта жол кырсыгынан үч киши көз жумду.  Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башка башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда,  кечээ саат 21:00дөр чамасында Тараз — Талас — Суусамыр жолунда «Хонда-Степвагон» жана «ВАЗ2107» үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Анын кесепетинен үч киши каза болуп, экөө жабыркаган.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иши жүрүүдө.