
Бообек Салимжанов президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымдалат.
Тийиштүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.
Бообек Салимжанов 2017-жылдан 2019-жылга чейин Орусиянын Сибирь жана Урал федералдык округдарын камтыган консулдук округу менен Екатеринбург шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулу кызматын аркалаган.