Ысык-Көл ОИИБдин жетекчилиги жергиликтүү тургундар менен жолугушууда

Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

23-январдан тарта Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги аймактын калкы менен жолугушууларды өткөрүүдө. Жолугушууда милициянын өткөн жылдын аралыгында аткарган ишмердүүлүгү боюнча отчеттор берилип, бул багытта натыйжалуу чечүү үчүн коомчулуктун талкуусуна ар кандай маселелерди алып чыгат. Аталган жолугушуулардын алкагында облустук милициянын башчысы Орунбай Кочоров Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун тургундары менен жолугушту. Жолугушууга аталган райондордун акимдери, прокуратуранын, аксакалдар сотторунун, аялдар жана жаштар кеңешинин өкүлдөрү, ошондой эле айыл аймактарынын башчылары катышты.
Укук тартибин жана милициянын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын талкууга аталган райондордун жашоочулары катышты. Аймактык ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери жергиликтүү тургундарга кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана коомдук коопсуздукту сактоодо көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып беришти. Жарандардын көңүлүн кылмыштардын жана укук бузуулардын кеңири тараган түрлөрүнө бурушту.
Облустук милициянын башчысы өлкөнүн Президентинин, Министрлер кабинетинин жана ички иштер министрлигинин көрсөтмөсүнөн келип чыккан калкты сервистик тейлөө боюнча укук коргоо органдарынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө кеңири айтып берди. Калкка мамлекеттик кызматтарды сапаттуу көрсөтүү боюнча милициянын көчмө кабылдамалардын орду жөнүндө дагы түшүндүрүп кетти. Ал коомчулуктун көңүлүн мал уурдоо, башкалардын мүлкүн уурдоо, алдамчылык, ошондой эле жол кырсыктарынын оор кесепеттери сыяктуу кылмыштарга бурду.
Жолугушууда жергиликтүү тургундар жаштар арасында улуттук идеологияны, үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтуу, ошондой эле өспүрүм муундарды патриоттуулукка тарбиялоо боюнча маселелерди көтөрүштү. Жолугушуу учурунда жарандар облустук милициянын башчысына түздөн-түз суроо берип, аларга толук жооп ала алышты.
“Мындай жолугушуулар мен үчүн да жана жергиликтүү тургундар үчүн да өтө зарыл. Жолугушууда берилген суроолордун саны боюнча мен жарандардын активдүүлүгүн, алардын ички иштер органдарынын ишине көмөк көрсөтүү демилгесин, жалпысынан райондогу кырдаалды жакшыртууга умтулуусун байкадым. Бул өтө жакшы көрүнүш”, – деп белгиледи О.Кочкоров.
Анын пикири боюнча, жарандар менен түздөн-түз баарлашуу укук коргоо органдарынын калк менен болгон кайра байланышын чыңдоого өбөлгө түзөт жана өтө курч көйгөйлөр боюнча маселелерди жоюга жардам берет. Райондордун жашоочуларынан келген бардык сунуштар боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынат.
Мындай форматтагы жолугушуулар Ысык-Көл облусунун башка шаар жана райондорунда да өткөрүлөт.

WhatsApp Image 2023 01 25 at 07.51.29 1 Ысык-Көл ОИИБдин жетекчилиги жергиликтүү тургундар менен жолугушууда