Төкмө акын Болот Назаров камактан бошотулду

Ат уурдоого шектелип кармалган төкмө акын Болот Назаров бошотулду. Бул тууралуу Чүй облустук сотунан билдиришти.

Маалым болгондой, анын иши бүгүн, 24-январда Москва райондук сотунда каралган. Жабырлануучу тараптан тосмо арыз түшкөндүктөн, иш кыскартылып, Назаров сот залынан бошотулган.

 Эске салсак, 2022-жылдын 7-ноябрь күнү Москва РИИБке Беловодское айылынын тургуну 1968-жылы туулган М.И. арыз менен кайрылган.

«Арызында 7-ноябрь күнү түштөн кийинки убакытта Москва районунун Чон-Арык айылынын тааласында белгисиз эркек киши жаш өспүрүм баласы 2008-жылы туулган М.Ю. минип жүргөн айгырын, сүрөткө түшүп алайын деп сурап алып, анан мингенден кийин баласына күч колдонуп айгырын минген боюнча, окуя болгон жерден изин жашырып кеткенин айтып чара көрүүнү суранган. Аталган факт Москва РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен катталып, 8-ноябрь күнү кылмыш иши козголгон.

326970726 1121082681893378 8222484491952666471 n 768x575 1 Төкмө акын Болот Назаров камактан бошотулду