“Кылмыш курамы жок”: УКМК Жуманалиеванын маалымат жыйынындагы айтылгандарга жооп берди

Жактоочу А.Жуманалиеванын маалымат жыйыны тууралуу УКМК комментарий берип, анда кылмыш иши жоктугун белгилеген. Башкы орган бул жагдайга УКМКны кийлигиштирбөөнү айтып, коммчулукта резононс жаратуудан алыс болууга чакырат.

А.Б. арызын текшерүүнүн жыйынтыгында, Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан кылмыштын курамынын жоктугунан, УКМКнын кызматкери У.Б. карата кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими кабыл алынган.
Бул чечим Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан мыйзамдуу жана негиздүү деп табылган.
Ошол эле учурда, А.Б. Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине У.Б. кысым көрсөтүүсү, ошондой эле кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалангандыгы тууралуу бир нече жолу кайрылуулары чындыкка дал келбейт. Анын ар бир арызын прокуратура, укук коргоо органдары карап чыккан.
Пресс-конференциянын жүрүшүндө жарыяланган жагдайлар жарандык мүнөзгө ээ жана бул адамдардын ортосунда ажырашуу процесси, жүрүп жаткан соттук териштирүүдө каралат.
Ошол эле учурда, УКМК бул процесстин катышуучусу эмес жана бул жеке үй-бүлөөлүк талашка УКМКны кошуу аракети, кызыкдар тараптын пайдасы үчүн, үй-бүлөлүк жаңжалга коомчулуктун көңүлүн буруп, резонанс жаратууга багытталганын айтмакчыбыз.
УКМК арыз ээсине жана анын жактоочусуна, мекемени үй-бүлөлүк жана жеке маселелерге сот өндүрүшүнө тартуу аракетине жол берилбестигин эскертет, ошол эле учурда бул үчүн өз кызматкеринен тиешелүү жоопкерчиликти алып салбайт.
Мындан тышкары, жактоочуну, жактоочулардын нормаларын жана этикасын сактоого чакырат, аларды бузуу мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келээрин белгилейт.