Ала-Букада мыйзамсыз алтын казууга аракет кылган беш адам кармалды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда мыйзамсыз алтын казууга аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Ала-Бука райондук милициясына кен казуучу фирмалардын биринин күзөт бөлүмүнүн кызматкери билдирүү менен кайрылган. Анда быйыл 20-январга караган түнү болжол менен саат 04:05те кен казуучу ишкананын кире беришинен Чаткал районунун тургундары кармалгандыгын билдирген. Андан тышкары кен казуучу фирманын 48 жаштагы А.Т. аттуу мыйзамдуу өкүлү арыз менен кайрылып, кармалган жарандарга мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Бул окуя боюнча Кылмыш кодексинин 37-беренеси (Кылмыш жасоого аракеттенүү) жана 205-беренесинин (Уурдоо) кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Чаткал районунун 44 жаштагы О.Р., 32 жаштагы К.Т., Т.Э., 31 жаштагы К.С., 26 жаштагы С.Г. аттуу тургундары кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Алардын баш коргоо чарасы Ала-Бука райондук сотунда каралып, баары үй камагына чыгарылган.

Азыркы учурда кылмыш ишинин алкагында шектүүлөрдүн башка шериктери бар же жок экендигин тактоо боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

x327329104 1330993524415284 2632300937473807621 n.jpg.pagespeed.ic.4bunh2P ew Ала-Букада мыйзамсыз алтын казууга аракет кылган беш адам кармалды