Бишкекте көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү

Бүгүн, 24-январда Бишкек шаарынын Октябрь районундагы М.Элебаев жана Т.Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн чатырынан чыккан өрт өчүрүлүп жатат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жеринде тилсиз жоону өчүрүүгө 6 күжүрмөн эсеп, штаб, 1 автошаты, Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, ККББдан ыкчам топ иш алып барууда.

Мындан сырткары ИИМ кызматкерлери, РЭТтен 1 бригада иштеп жатышат.