Уланбек Усеков билим берүү министринин биринчи орун басары болду

Уланбек Усеков билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары болуп дайындалды, – деп билдирет министрликтин басма сөз кызматы.

Бүгүн, 24-январда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Уланбек Усековду министрликтин жамаатына тааныштырды.

Белгилей кетсек, мурдагы биринчи орун басар Талантбек Бекташов башка кызматка которулгандыгына байланыштуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун буйругуна ылайык кызматынан бошотулган.