Депутат Гуля Кожокулова педофилия боюнча кастрация мыйзамына каршы чыкты

Бүгүн Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети педофилия үчүн жазаны катаалдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда жактырды.

Мыйзам долбоорунда жогорудагы жосун үчүн жазаны катаалдаштыруу, мөөнөтүн жыйырма жылга чейин көбөйтүү же өмүр бою эркинен ажыратуу, ошондой эле педофилдерге хирургиялык кастрация киргизүү сунушталууда.

Талкууда депутат Гуля Кожокулова бул КР Конституциясынын принциптерине жана нормаларына каршы келерин айтты. Ал бул мыйзам долбоорун четке кагуу зарыл деп эсептейт.

«Хирургиялык кастрация – бул кыйноо. Педофилдерди эч ким актабайт, бирок биз Кыргыз Республикасынын Конституциясынын нормаларын эске алышыбыз керек», – деди эл өкүлү.