Ошто опузалап талап кылууга шектелген 32 жаштагы жаран кармалды

Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

2022-жылдын 18-апрель күнү жаран М.Т. Ош ОИИБге арыз менен кайрылган. Анда ушул эле күнү болжол менен саат 23:00 чамасында жаран “Ш” достору менен келип, жабырлануучуну өзүнүн унаасына отургузуп, коркутуп жолу менен 16 000 ( он алты миң) сом акча каражатын опузалап алып койгондугу үчүн мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.
Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин (Опузалап талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүүнү жана анын кылмыштуу шериктерин тергөөгө камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилген.
2023-жылдын 21-январында Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан Ош шаарынын аймагынан Кара-Суу районунун тургуну 32 жаштагы А. уулу Ш. опузалап акча талап кылуу фактысына шектелип кармалды. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү буга чейин бир нече жолу соттолгону аныкталды.
Бүгүнкү күндө шектүүгө Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96,97-беренелеринин негизинде айыбы угузулуп, 2 айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган.
Учурда тергөө амалдары уланууда.