ИИМ: Милиция кызматкерлери балдар үйлөрүнө 390 миң сомдук каражаттарды тапшырышты

Балдарыбыздын бактылуу балалыкта өсүшү эртеңки жаркын келечектин кепилдиги болуп эсептелет. Балдар үчүн бакыттын башкы булагы албетте, ата-эненин жылуу кучагы жана мээрими. Тилекке каршы өлкөбүздө эне мээримин көрбөй, сүйүүгө суусап өсүп келе жаткан бөбөктөрүбүз да жок эмес. Дал ушундай ата-энесинен алыс калган балдарга милиция кызматкерлери ар дайым кол сунуп, өзүнүн колдон келген жардамын көрсөтүп келет.

WhatsApp Image 2023 01 20 at 07.50.51 ИИМ: Милиция кызматкерлери балдар үйлөрүнө 390 миң сомдук каражаттарды тапшырышты


2023-жылдын 19-январь күнү Красная речка айылында жайгашкан балдар интернатына жана Беловодское айылындагы балдардын психоневрологиялык социалдык станционардык мекемесинин тарбиялануучуларына жардам катары жалпы 390 миң сом акча каражатын түзгөн күнүмдүк керектүү каражаттарды тапшырышты.

WhatsApp Image 2023 01 20 at 07.50.51 2 ИИМ: Милиция кызматкерлери балдар үйлөрүнө 390 миң сомдук каражаттарды тапшырышты


Красная речка айылындагы балдар интернатына барган ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Максат Кадыркулов жана ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын улук инспектору, милициянын майору Азамат Эсенбеков интернаттын ичиндеги коопсуздукту камсыздоо максатында видеокөзөмөлдү орнотууга 50 миң сом жана 170 миң сом өлчөмүндө акча каражатын түзгөн күнүмдүк керектелүүчү каражаттарды тапшырышты. Буга чейин ИИМдин кызматкерлери тарабынан аталган интернатка төрт видеокөзөмөл орнотулган.


Ал эми, Беловодское айылындагы балдардын психоневрологиялык социалдык станционардык мекемесине барган ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын бөлүм начальниги Бекболсун Бейшенов жана ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын улук инспектору, милициянын майору Айбек Бейшекеев жалпы 170 миң сом акча каражатын түзгөн күнүмдүк керектелчү каражаттарды тапшырышты.

WhatsApp Image 2023 01 20 at 07.50.51 3 ИИМ: Милиция кызматкерлери балдар үйлөрүнө 390 миң сомдук каражаттарды тапшырышты
WhatsApp Image 2023 01 20 at 07.50.51 1 ИИМ: Милиция кызматкерлери балдар үйлөрүнө 390 миң сомдук каражаттарды тапшырышты


ИИМдин Басма сөз кызматы