Кара-Балтада 6 жашар кыздын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

Жайыл районундагы Жалпы дарыгерлер практика борборунун реанимация бөлүмүндө каза болгон алты жашар кыздын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу маалыматты Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалым болгондой, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө 2023-жылдын 14-январында саат 21:25те П.И.С. аттуу кызга алдын ала бронхопневмония, дем алуунун жетишсиздиги, кант диабети деген диагноз коюлуп, реанимация бөлүмүнө жаткырылганы жана интенсивдүү терапияга карабастан кыз 15-январда каза болгону маалымдалган.

Аталган факты боюнча Жайыл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 145-беренесинин («Жардам көрсөтпөө») негизинде кылмыш иши козголгон.

«Учурда бул иш боюнча бардык тиешелүү экспертизалар дайындалып, окуянын бардык жагдайлары текшерилүүдө», — деп айтылат маалыматта.