Зулушев “Кактус Медианын” макаласына козголгон иш боюнча комментарий берди

Бүгүн, 9-февралда, башкы прокурор Курманкул Зулушев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып “Кактус Медианын” макаласына козголгон иш боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, “Кактус Медиада” жарыяланган макала боюнча Биринчи май райондук прокуратурасы тарабынан иш козголгон.

“Учурда Бишкек шаардык прокуратурасы тергөө амалдарын жүргүзүп жатат. Тиешелүү экспертиза даярдалган. Азырынча жообу чыга элек. Макалада Кыргызстан биринчилердин болуп ок атты деген маалымат болгон.

Өзүңүздөр билгендей, эки мамлекеттин ортосунда чек ара боюнча олуттуу маселе бар. Ким болбосун баары бирдей жооп бериши керек. Сөз эркиндигин чектөө деген бизде ой дагы болгон жок. Биринчи май райондук прокуратурасы өзүнүн функционалдык милдетин аткарып, иш козгоду. Эгер тергөөдө далилденсе, анда жоопко тартылат”, — дейт Зулушев.