Төрт мамлекеттин Омбудсмендери жарандарды биргелешип кабыл алууну уюштурат

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова 2022-жылы башка мамлекеттердеги кесиптештери менен кызматташтыкты күчөтүү өлкө чегинен тышкары жүргөн Кыргызстандыктардын укуктарын коргоодогу натыйжалуулукту жогорулатууга мүмкүндүк берди деп эсептейт.

Акыйкатчы 2022-жылдын жыйынтыгы менен Россиянын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Молдованын Омбудсмендери менен өз ара аракеттенишүү жөнүндө меморандумга кол койду. Россия, Казакстан, Өзбекстандын, Молдованын Омбудсмендери менен кызматташуу аталган өлкөлөрдө туруктуу жана убактылуу жүргөн Кыргызстандын жарандарына өз маалында колдоо көрсөтүүгө жана укуктарын коргоого мүмкүндүк берди. Кызматташтыктын алкагында омбудсмендер өз өлкөлөрүндөгү жарандардын белгилүү укуктары менен эркиндиктеринин бузулушу тууралуу бири-бирине эскертүү беришет, өз ыйгарым укуктарынын алкагында адам укуктарынын бузулушун калыбына келтирүүгө мүмкүндүк түзүшөт.

-2023-жылы омбудсмендер төмөнкүлөрдү ишке ашырууну пландап жатышат:
-укуктары бузулган жана чектелген жарандарды биргелешип кабыл алуу;
-адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча мониторингдер;
-өз өлкөсүнүн чегинен тышкары иштегенге, окуганга, дарыланууга жана башка максаттар үчүн кеткен жарандар үчүн биргелешкен маалыматтык өнөктүктөрдү жүргүзүү;
-адамдардын жана жарандардын эркиндиктери менен укуктары жаатындагы көбүрөөк актуалдуу болгон кыйынчылыктарды биргелешип талкуулоо.


Молдованын Элдик адвокаты (Омбудсмени) менен кызматташуунун алкагында тараптар мигранттарды эң жакшы колдоо тажырыйбасын алмашуу, ошондой эле өз өлкөсүнүн чегинен тышкары добуш берген жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча макулдашты.
Меморандумдарга Атыр Абдрахматова менен Өзбекстандын Олий Мажлисинин Адам укуктары боюнча атайын дайындалган өкүлү (Омбудсман) Феруза Эшматова, Молдованын Элдик адвокаты (Омбудсмени) Чеслав Панько, Россиянын Адам укуктары боюнча атайын дайындалган өкүлү Татьяна Москалькова, Россиянын Свердлов областынын Адам укуктары боюнча атайын дайындалган өкүлү Татьяна Мерзлякова, Казакстандын Адам укуктары боюнча атайын дайындалган өкүлү Эльвира Азимовалар кол коюшту.


Абдрахматова белгилегендей, Өзбекстандын, Россиянын, Казакстандын, Молдованын Омбудсмендери менен меморандумдарга эл аралык укуктардын жалпы таанылган принциптери жана нормаларына ылайык кол коюлду, бул башка мамлекеттердеги кесиптештер менен кызматташтыкты жакшыртты жана өлкө чегинен тышкары жүргөн кыргызстандыктардын укуктарын коргоодогу натыйжалуулукту жогорулатууга мүмкүндүк берди.