Президент башкы прокурордун орун басарын дайындады

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Ишеналиев Турусбек Кубатбекович Кыргыз Республикасынын башкы прокурорунун орун басары кызматынан берген арызы боюнча бошотулду.

Садыр Жапаров кол койгон башка тескемеге ылайык, Үмүткан Ургазиевна башкы прокурордун орун басары болуп дайындалды.