Акылбек Жапаров: “Сууга болгон тарифтер саясаты өзгөртүүгө муктаж”

Ичүүчү сууга болгон тарифтер саясаты өзгөртүүгө муктаж. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өткөн республикалык кеңешменин жүрүшүндө билдирди.

Министрлер Кабинетинин башчысы Кыргыз Республикасынын Президентинин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн отчеттору, Министрлер Кабинетинин кечиктирилгис көйгөйлөрдү жана милдеттерди чечүү боюнча пландары карала турган бул иш-чаранын маанилүүлүгүн белгиледи. Кеңешменин жүрүшүндө ал таза суу менен камсыз кылуу маселесине токтолду.

«Ачык жерлердеги водозаборлордогу суу тоңуп жатты. Мен 3 күндөн бери мындай суу топтоочу жайларды жеринен көрүп келдим. Биз кийинки жылга бул проблеманы чечүүнүн үстүнөн иштерди алып барабыз. Ичүүчү суулардын тутумдарын жердин астынан алчудай кылабыз, насосторду коёбуз. Быйыл ичүүчү сууга болгон тарифтер саясаты өзгөртүүгө муктаж. Майлы-Суу шаарындагы абалды көрүп турасыздар.

Муниципалитет курулмаларды тейлей албай жатат. Анткени тариф абдан төмөн, өзүн-өзү актабай жатат. Ичүүчү сууга болгон тарифтин өздүк наркын аныктоо боюнча методикалык сунуштарды, жоболорду, укуктук документтерди тезинен даярдоо зарыл.

Суунун бир куб метрине (1000 литр) Бишкектин бир тургуну 5 сом 38 тыйын төлөйт, ал эми анын өздүк наркы 7 сом 70 тыйын. 1 куб суунун муниципалдык тарифи Чүй облусунда 8 сом болсо, Жалал-Абадда 15 сом, бирок айрым райондордо (Өзгөн району) 39 сомго чейин жетет. Пластик бутылкалардагы жарым (0,5) литр сууну 15 сомдон сатып алып ичебиз. Ал эми кранда канчалаган куб сууну агызып колдонуп жатканыбыз үчүн эч ким реалдуу бааны төлөгөн жок», — деди ал.