Бишкектеги №33 мектепте “жарылуучу зат коюлган” деген маалымат текшерилүүдө

Бишкектеги №33-мектепте “жарылуучу зат бар” деген маалыматтан улам, окуучулар жана мектептин кызматкерлери эвакуацияланды.

Аталган мектептин айланасын, Кайгуул милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, көчөнү курчоого патрулдук милициянын инспекторлору тартылууда.

Окуя болгон жерде тиешелүү кызматтар иштеп жатат.