УКТ мүчөлөрүнө кол салууга шектелген алтынчы жаран кармалды

Ош шаарындагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө кол салууга шектелип дагы бир жаран кармалды. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, буга чейин беш жаран кармалып, аларга эки айга кармоо турүндө баш коргоо чарасы тандалган.

“Бир саат мурда алтынчы шектүү кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат. Азыркы кезде алты жарандан сырткары, дагы үч жаранга издөө жарыяланды”, — дейт ал.

Эскерте кетсек, 12-январдан 13-январга караган түнү Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө кол салуу болуп, бирөө каза тапса, экинчиси ооруканага түшкөн. 13-январда аталган кылмышты уюштурду делип кримтөбөл “Женго” кармалып, анын шериктерине издөө жарыяланган. Жыйынтыгында беш жаран кармалган.