Баткен: Үй-жайсыз калган 429 үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтүлдү

2022-жылдын сентябрь айында Баткендеги чек арада орун алган куралдуу кагылышууда жабыр тарткан 429 үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, мекендештерибизге жардам берүү иш-чарасы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин буга чейин эл аралык абройлуу уюмдар менен тынымсыз жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрүнүн негизинде уюштурулду. Ал эми бүгүн жалпы 429 үй-бүлөнүн Бишкек шаарында туугандарынын үйүндө убактылуу жашап жаткан 24үнө таратылды.

Үй-жайы толугу менен өрттөлүп, талкаланган үй бүлөлөргө БУУнун миграция боюнча эл аралык агенттиги турмуш тиричиликке эң зарыл болгон буюмдарды, кийим-кечелерди берди. Аталган иш-чарага Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев өзү катышып, Баткендик мекендештерден кабар алды.

Берилген жардам БУУнун Өзгөчө кырдаалдар боюнча борбордук фондунун жана Германия өкмөтүнүн каржылоосу менен алынды. Мындан сырткары БУУнун Качкындар жана дүйнөлүк азык -түлүк программасынын алкагында да Баткен элине жардам көрсөтүлүүдө.

Маселен, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында гуманитардык жардам иретинде берилген 400 тонна байытылган ундун 230 тоннасы жана өсүмдүк майы келген. 2023-жылдын январь айында ДАТП тарабынан 500 тонна ун жана өсүмдүк майын жардам катары берүү пландалууда.