Министр: Электр энергиясын өчүрүү жакын арада токтобойт

Өлкөдө маал-маалы менен электр энергиясын өчүрүү качанкыга чейин уланат? Мындай суроону депутат Дастан Бекешев бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраевге берди.

Министр газ маселеси чейилмейин өчүрүлө берээрин билдирди. 

Депутат Бекешев министрдин жообуна канаатанган жок. 

“Бул жакта газдын кандай тиешеси бар? Мен так суроо бердим. Жарыкты өчүрүү качан токтойт?”, – деди эл өкүлү.

Министр электр энергиясынын кубаттуулугунун көбөйүшү газ түтүктөрүндө басымдын түшүшүнө сөзсүз түрдө тиешеси бар экенин билдирди.

Ал эми, Газпромдун өкүлү газдын басымы төмөндөбөгөнүн билдирди.

Буга Таалайбек Ибраев газдын басымы төмөндөгөнүн эл айтып жатканын билдирди.

Дастан Бекешев улам жарыктын өчө берүүсүнөн элдин кан басымы да түшүп жатканын билдирди. 

Министр Ибраев сууктун күчү кайтмайын электр энергиясы өчүрүлө бере турганын билдирди. 

“Өчүрүү графиги учурда түзүлдү. Маалыматты бардык сайттардан, администрациялардан жана айылдык кеңештерден алса болот”, – деди министр.