
Кытай тараптын демилгеси менен “Жаз” майрамын майрамдоого карата кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” менен “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү бекеттери 21-24-январь аралыгында убактылуу жабык болот. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө караганда, “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү бекеттери аркылуу жарандар, транспорт каражаттары жана жүктөрдүн өтүүсүнө 25-январдан баштап уруксат берилет.
Ал эми “Торугарт” бекети өзгөчө алгоритм менен иштөөдө: Кытайдан Кыргызстанга бир гана жүк менен транспорт каражаттары өтө алат.