Аликеевдин сөөгү Таласта жерге берилет

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, ырчы-импровизатор жана комузчу Малик Аликеевдин сөөгү өзү туулуп-өскөн айылда жерге берилет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Акыркы сапарга узатуу зыйнаты 19-январда саат 10:00дө Талас облусунун Көпүрө-Базар айылында өтөт.