Эстрада ырчысы Бегимай Бекбоева каза болду. Бул тууралуу ырчы Дайыр Исмадияров социалдык баракчасына жазды.
“Кош бол, Бегимай. Жаркылдаган кыз элең, неге анча шаштың? Жаткан жериң жайлуу болсун”, — деп жазды ал.
Ырчынын эмне себептен каза болгону тууралуу азырынча айтыла элек.
Бекбоева 1990- жылы 27- февралда Нарында төрөлгөн. Атасы Токторбек Бекбоев обончу, аткаруучу, актёр. Апасы Жаңыл Кудайбергенова актриса, куудул. Бегимай алгач сахнага 5-классында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Каныкей Эралиеванын концертинде Асел Турдалиеванын «Эх, байке» деген ыры менен чыккан. Бегимай Бекбоеванын репертуарындагы ырлары «Жаш жигит», «Атама», «Алыстарга».
Вulak.kg редакциясы Бегимай Бекбоеванын үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.