Бакиевдин жубайы Назгүл Төлөмүшеванын сөөгү мекенине алынып келинди

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин жубайы Назгүл Төлөмүшева Минск шаарында 15-январь күнү көз жумган.

Маалыматка ылайык, ал акыркы үч жылдан бери ооруп жүргөн.

Кошумчалангандай, 45 жаштагы Төлөмүшеванын сөөгү Кыргызстанда жерге берилет, анын сөөгү мекенине бүгүн алынып келинди.

Эске салсак, Курманбек Бакиев менен Назгүл Төлөмүшеванын эки баласы бар — кызы Лейла жана уулу Данияр. Алар 1995-жылдан бери чогуу жашап келишкен.

Курманбек Бакиев 2005-жылдагы Март ыңкылабында бийликке келип, 2010-жылдын 7-апрелинде 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин жакындары менен чет өлкөгө качып кеткен.

Учурда Беларуста баш калкалап жүрөт.

Бакиевге жана жакындарына онго жакын факты боюнча айып тагылган. Курманбек Бакиев сыртынан соттолуп, 30 жылга эркинен ажыратылган.