Вахтанг Кикабидзе 84 жаш курагында дүйнө салды

Грузиянын эл артисти, ырчы, актер жана режиссер Вахтанг Кикабидзе 84 жаш курагында дүйнө салды.

Вахтанг Кикабидзе — СССР учурундагы эң популярдуу эстрада ырчыларынын бири болгон. Ал музыкалык карьерасын 1959-жылы баштаган. Алгач эстрадалык топтордо, ал эми 1980-жылдардан тартып жалгыз ырдап чыккан.