Бажычылар товарлардын наркын төмөндөтүү фактыларын аныктады

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери товарлардын бажы наркын төмөндөтүү фактыларын аныктады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «IS» ЖЧКнын дарегине келип түшкөн тамак-аш азыктарынын бажы наркын жөнөтүүчүнүн (экспорттоочунун) товардык-транспорттук документтерин алмаштыруу жолу менен төмөндөтүү фактысын аныкталды. Факт соода агымына жүргүзүлгөн мониторингдин жана талдоонун жыйынтыгында, ошондой эле Евро бирлигинин өлкөсүнөн алынган бажы документтеринин негизинде аныкталган.

Жөнөтүүчү өлкөнүн (Евро бирлигинин өлкөсү) маалыматтары боюнча, 2020-2021-жылдары «IS» ЖЧКга (КР) бир млн евродон ашык суммага товарлар экспорттолгон, бул жүз млн сомдон ашык суммага барабар, бирок, Кыргызстандын бажы органдарында бул товарлардын жалпы суммасы он эки жарым млн сомду түзгөн.

Товарлардын наркын мыйзамсыз төмөндөтүүнүн натыйжасында жөнөтүүчүнүн экспорттук бажы декларациялары менен алуучунун бажы декларациялары боюнча маалыматтарды салыштырууда төлөнбөгөн бажы төлөмдөрүнүн жалпы суммасы 18 млн 442 миң 943 сомду түзгөн.

Материалдар КБР АДС МКЖга катталып, процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурага өткөрүп берилди.