Казакстан парламенти Назарбаевди өзгөчө макамынан ажыратууну колдоду

13-январда Казакстан парламентинин кош палатасынын жыйынында депутаттар күтүлгөндөй эле «Туңгуч президент – Елбасы жөнүндөгү» конституциялык мыйзамды күчүн жоготту деп таануу тууралуу» мыйзам долбоорун бир добуштан колдошту.

Муну менен алар экс-президент Нурсултан Назарбаевди жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн аталган мыйзамда каралган түрдүү артыкчылыктар менен жеңилдиктерден ажыратууну жактырышты.

Жети ай мурда Казакстанда Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өтүп, расмий кабарлангандай шайлоочулардын 77% ашыгы сунушталган өзгөртүүлөрдү, анын ичинде Назарбаевди «Елбасы» жана «Улут лидери» макамдарынан ажыратууну колдогон. Жакында эле Казакстандын Конституциялык соту Баш мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин Конституцияда туңгуч президент тууралуу мыйзамдын сакталып турушу үчүн укуктук негиздер жок экенин билдирген.

«Туңгуч президент – Елбасы жөнүндөгү» мыйзам күчүн жоготкону менен Нурсултан Назарбаев кол тийбестигинен ажыратылбайт. Бул тууралуу январдын башында өлкөнүн юстиция министри Азамат Ескараев билдирген. «Назарбаев үчүн «Казакстандын президенти тууралуу» мыйзамда экс-президенттерге берилген бардык кепилдиктер, анын ичинде кол тийбестик сакталат», – деген министр.

Казакстанда «Туңгуч президент – Елбасы» мыйзамы күчүн жоготкону 11-январда расмий кабарланган. Назарбаевге жана анын үй-бүлөсүнө көптөгөн артыкчылыктарды берген бул мыйзам 2000-жылы кабыл алынган.

Конституциялык сот бир топ депутаттардын өтүнүчүн карап, канааттандырганын, токтом ишке кирерин жана даттанууга жатпай турганын маалымдаган.

Казакстанды 1989-жылдан бери башкарган Назарбаев 2019-жылы бийликтен кетип, кызматын Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берген. Андан кийин өлкөнүн саясатына таасирдүү кызматты – Коопсуздук кеңешинин төрагалыгын ээлеген. 2022-жылдын январында жапырт нааразылык башаламандыкка айланып, кан төгүлгөндө бул кызматын да президент Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берген. Мындан кийин Нурсултан Назарбаевдин жакындары да кызматтан кетип, айрымдары камалган.