Назарбаев Кыргызстан аркылуу БАЭге учуп кеткен, – айылдаштары

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев 2-январда кичи мекени Шамалган айылына барган. Андан соң зооттолгон унаа менен Кыргызстанга келип, бул жактан Бириккен Араб Эмираттарына учуп кеткен. Бул тууралуу «Московский комсомолец» гезитине Назарбаевдин айылдаштары билдирди.

Алардын айтымында, Назарбаев Шамалганда 2-3-январь күндөрү жүрүп кеткен.

Шамалган — Алматыга жакын жайгашкан. Алматы менен Шамалгандын ортосу унаа менен бир сааттык жол.

Шамалгандыктардын айтымында, айылда Назарбаевдин иниси жана карындашы жашайт. Башка да туугандары бар.

Шамалганда административдик кызматты ээлеген адам Назарбаевдин сапары боюнча кызыктуу жагдайларды айтып берди.

«Назарбаев ал күндөрү үй-бүлөсү менен чогуу айылдын аксакалдары менен жолукту. Мен билгенден, андан кийин Назарбаев жана анын үй-бүлө мүчөлөрү Кыргызстан тарапка кетишкен. Ал жактан Назарбаевди тосуп алып, үй-бүлөсү менен чогуу аэропортко жеткиришкен. Андан соң Назарбаевдер БАЭге учуп кетишкен.

Кыргызстандын президенти Назарбаевди куткарып калды деп эсептесе болот. 2010-жылы дагы Назарбаев Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевди өлкөдөн чыгарып кетип, куткарып калган», – деди ал.