Влад Ушаков: Эко-шаар деген сөз туура эмес, Файзиев өмүрүндө бир да экологиялык таза имарат курган эмес, анан кантип “Асман” долбоорун ишке ашырат?

Саясий-укуктук изилдөө борборунун уюштуруусундагы Бишкектин экологиясына байланыштуу тегерек столунда эко активист, журналист, “Эко-мир” коомдук фондунун негиздөөчүсү Влад Ушаков катышуучуларга презентация аркылуу шаар көйгөйлөрү, анын ичинде абанын кирдеши тууралуу пикирин билдирди.

Бишкектин үстүндөгү смог маселеси масштабдуу деңгээлде чечилиши керек, бул көйгөйдүн чыгышына менимче автотранспорттун тиешеси чоң. Шаарыбыздагы кара түтүн бир гана кышында эмес, жазында жана жайында да калкып турат. Бул көрүнүш адамдар жеке үйлөрүндө көмүр жакканынан эмес, жерди күн жылытпай баштаганда пайда болот. Кыш келери менен жер кыртышы муздап, термикалык агымдар азайып смогдун пайда болушуна шарт түзүп келет.

Быйыл өзүңүздөр көргөндөй аба ырайынын жылуу болгонунан улам, былтыркыга салыштырмалуу кара түтүндүн көрсөткүчү төмөн деңгээлде.

photo1642397074 Влад Ушаков: Эко-шаар деген сөз туура эмес, Файзиев өмүрүндө бир да экологиялык таза имарат курган эмес, анан кантип “Асман” долбоорун ишке ашырат?

Ошондой эле, өнүккөн өлкөлөрдөн ташылып келген, катализаторлорсуз автоунаалардын зыяны да бар, алардын сапаты начар болгону аз келгенсип начар бензинди куюп айдап да жүрөбүз. Шаарыбыздын каалаган көчөсүндө бир мүнөттөн ашык туруп калсаңыздар, дем алышың начарлай баштайт.

Электромобилдерди алып кирүү бул чоң көйгөйлөрдү чечпейт, болжолу менен 20 жылдан кийин дүйнөдөгү колдонуудан чыгып калган электромобилдер алып келинип отуруп, биздин экологияга зыянын тийгизет. Азыркы маалда биздин калк андай жаңы унааларды сатып алганга акчасы жетпейт.

Биз бир гана Бишкекти эмес, башка региондордун экологиясына да көңүл бурушубуз керек, таштандыдан чыккан метан газы эле климатка өз таасирин тийгизип келет. Бизде өндүрүш жок, экология жагынан тазабыз деп айтуу туура эмес, анткени советтер союзу мезгилинде бардык завод, фабрикалар иштеп турганда Бишкек таза шаар болчу.

Азыркы маалда “эко” деген терминди колдонуп, каалаган адам өзүнүн продукциясын рекламалап келет. Бул көрүнүш өзүнчө бир челленджге айланып кеткендей сезилет. Учурда Тимур Файзиев бул сөздү активдүү колдонуп жатат. Ал Эко-шаарды курам деп, ага “Асман” долбоору берилип жатат. Өмүрүндө бир да экологиялык таза имаратты куруп көрбөгөн адам, кантип чоң шаарды кура алат?”, – деп Влад Ушаков оюн айтты.