Айгүл Насирдинова: Бишкек инфраструктурасынын 90 пайызы оор абалда

Саясий-укуктук изилдөө борборунун уюштуруусундагы Бишкектин экологиясына байланыштуу тегерек столунда архитектор, урбанист Айгүл Насирдинова өз ою менен бөлүшүп, катышуучуларга презентация аркылуу шаар көйгөйлөрү тууралуу айтып берди.

«Ар би радам өзүнүн жоопкерчилигин сезиши керек, шаардын абасынын кирдеши жер кыртышынын, суунун булгануусунан жана радациядан улам болуп келет. Бул көйгөйлөрдү болтурбоо аракеттери таптакыр көрүлбөйт десек да жарашат.

Бишкектин инфарструктурасы 90 пайызга жакын бузула баштады, буга байланыштуу жашоочулар таза эмес суу ичип жатышат. Борбордук жылуулук электр борбору жакшы нерсе, советтер союзу ойлоп тапкан амал, бирок биздин өлкө ресурстарды туура колдонууну билбегендердин арасында лидер. Биз акылдуу үнөмдөөнү туура ишке ашыра албай жатабыз, инфарструктура түрлөрүн көзөмөлгө алуу менен колдонуу жагынан начар иштеп келебиз.

photo1642394982 Айгүл Насирдинова: Бишкек инфраструктурасынын 90 пайызы оор абалда

Эски курулуштар менен жаңы курулуп жаткан үйлөрдү салыштырсак, сапаты жагынан анчалык чоң айырманы деле көрбөйбүз. Бишкектеги супермаркеттерди алып карасак, аймактын жашылдандыруусу 60/40  пайызга болушу керек эле, бирок алардын жанынан бак-дарактарды жолуктуруу кыйын.

21-кылымда бүткүл дүйнөлүк жер ресурстарынын 50 пайызы үйлөрдү куруу үчүн колдонулган. Курулуштардын сапаты жөнүндө айтпай эле коелу, шаарларды желдетүү, абанын сапатын таза деңгээлде кармоо оор болуп баратат.

Дүйнөнүн алдынкы өлкөлөрүндө шаардын экологиясына зыян тийгизбөө боюнча бир катар архитектуралык мисалдар бар, бирок бул глобалдуу маселе болуп эсептелет.

Кыргызстандын айыл-шаарларынын 96 пайызында курулуш документтери жок. Стратегиялык документтердин жоктугу, башкы планды сактоо эрежесинин сакталбагандыгы, курулуш маданиятынын өспөй жатканы бардыгыбыздын көңүлүбүздү бурушу керек”, – деп Айгүл Насирдинова белигледи.