Дмитрий Переяславский: Абанын кирдеши түздөн-түз 111 өлүмгө байланыштуу

Саясий-укуктук изилдөө борборунун уюштуруусундагы Бишкектин экологиясына байланыштуу тегерек столунда «Арча» коомдук фондунун өкүлү Дмитрий Ярославский өз программасы менен сүйлөдү.

«Кыргызстандын шаарларындагы смог маселеси дүйнөдөгү алдынкылардан экени талашсыз. Адамдар респираторлук оорулар менен көп ооруп, жылына 4000 ге жакын адам көз жумууда. Анын ичинен абанын кирдешине түздөн-түз 111 өлүм байланыштуу.

Азыркы учурда «Air Quality» деген атайын тиркемени ар бирибиз жүктөп алып, абанын канчалык деңгээлде кир экендигин текшере алабыз. Мындай аракеттер ооруларды алдын алууга жардам берет.

Жылуулук электр борбору жаз айында жылуулук берүүнү токтоткон кезде да, жеке үй ээлеринин көмүр жагуусунан улам абанын кирдөө көрсөткүчү бир топко өстү. ЖЭБден кирдеши кийинки орунда болсо, автоунаа, түрдүү цехтер жана таштандыны өрттөө сымал көрүнүштөр кийинки тепкичтерде болуп жатат.

Азыр электр-энергия менен үйлөрүн жылыта алышпайт, финансылык жактан тартыштыгы үчүн эмес, энергиянын жетишсиздиги үчүн болууда”, – деди Дмитрий Переяславский.