Адахан Мадумаров экинчи ирет Башкы прокуратурага суракка чакыртылды

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Башкы прокуратурага суракка чакыртылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, депутат учурда сурак берип жатат, ал кыргыз-тажик чек арасы боюнча суракка чакыртылган.

Эске салсак, Мадумаров 14-январда да ушул маселе боюнча Башкы прокуратурага сурак берип чыккан.